Menu

Дыйкандар күткөн күз көңүл чөгөрдү

Бөлүшүү:

Азыркы учурда карапайым элдин, элет элинин күткөнү эмне? Өлкөбүздө күргүштөп иштеген завод-фабрикалардын карааны да жок болгондуктан, кайда барба жумушсуздук күч алган. Көпчүлүк сырттагы мигрант туугандарынан каражат үмүт кылышып, карыларыбыз, жардамга муктаж үй-бүлөлөр жарыбаган пенсия, жөлөк пулдарын күтүү менен күн кечиришет.

Баарыбыз билгендей, анан элдин күткөнү үлүш жеринен, чарбактарынан алган түшүм менен күздөн күзгө чейинки турмуштарын пландаштырышат. Бирок баары дыйкандар күткөндөгүдөй эмес, теңирден тескери болуп, чыгашасын актабай, алган насыяларын төлөй албай банкрот болгон учурлар абдан көп. Айрыкча айыл чарба азыктары, жемиштер, жашылчалар сатылган борбор шаарыбыздагы «Сары-Өзөн» дүң базарынан накта бааны көрүүгө болот. Бул жылы айрыкча картошка, пияз, сарымсак ит-бекер сатылууда, аны өстүргөн дыйкандардын мээнети акталган жок. Дыйкандар күткөн күз көңүл чөгөрдү.

Дыйкандар талаада ташып кетчүлөргө картошканын килограммын 5-6 сомго карматып жатат. Баш калаанын базарларында алып сатарлар анын баасын 8-9 сомго көтөрүп соодалашууда, былтыр ушул маалда картошканын баасы 20 сомдон сатылган экен.

Кыргызстанда айыл чарба азыктарын ЕАЭБ аймагына экспорттоодо күтүлгөн натыйжа болбой, көп маселелер чечилбей турат. Биздин алма, өрүктү, кургатылган жемиштерди, таза азыктарыбызды кошуна өлкөлөрүбүз алып, кайра теңме-тең акча кошуп экспортко чыгарууда. Көйгөй абдан көп. Бирок канча бир орундарды ээлеп отурган айыл чарба, экономика министрлигиндеги кадрларыбыз жаңыча иш алып бара албай мажирөөлөнүп креслолорун кучактап отурушат.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: