Menu

Нью-Йоркто БУУнун штаб-квартирасында Кыргызстан демилгелеген резолюция кабыл алынды

Бөлүшүү:

2018-жылдын 21-ноябрында Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасында БУУнун Башкы Ассамблеясынын Экинчи комитети тарабынан  Кыргыз Республикасы демилгелеген «Борбордук Азияда радиациялык коркунучтардын алдын алууда эл аралык  коомчулуктун ролу» резолюциясынын жаңыланган  долбоору каралып чыкты жана кабыл алынды. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз тарап сунуштаган резолюцияга БУУга мүчө 40 мамлекет демөөрчү катары кошулушту.

Анын ичинде Европа, Америка, Азия жана Африка өлкөлөрү – Австралия, Австрия, Армения, Беларусь, Канада, Катар, Чехия, Финляндия, Греция, Индия, Индонезия, Испания, Ирландия, Япония, Казахстан, Люксембург, Монголия, Норвегия, Польша, Португалия, Румыния, Россия, Сингапур, Словакия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Вьетнам, Бенин, Болгария, Кипр, Эстония, Франция, Венгрия, Исландия, Латвия, Литва, Молдова, Турция жана АКШ бар.

Кыргызстандын мындай резолюцияны кабыл алуу боюнча демилгеси КРнын Президенти С.Жээнбеков тарабынан 2017-жылдын 26-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясынын Жалпы дебаттарында айтылган.

Кыргызстандын Өкмөтү урандын калдыктары сакталуучу жайлардан чыккан радиоактивдик коркунучтардын алдын алууда активдүү, көп тараптуу күч аракеттерин жумшайт.

Резолюциянын долбоорун сунуштап жатып, Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү М.Молдоисаева айлана-чөйрөнү коргоо жана аны калыбына келтирүүдө чечкиндүү кадамдар жасалбаса, толук кандуу туруктуу өнүгүүнү камсыздоо мүмкүн эмес экенин айтып кетти.

Кыргыз тарап баса белгилеп кеткендей, БУУ жана эл аралык коомчулук тарабынан буга толук кандуу көңүл буруу менен,  улуттук жана регионалдык масштабда экологиялык тобокелдиктердин алдын алууга жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө туруктуу өнүгүүнү камсыздоого болот.

Маалымат үчүн: 2013-жылы  Борбордук Азиянын уран калдыктары көйгөйү боюнча  – резолюция 68/218  «Борбордук Азияда радиациялык коркунучтун алдын алууда эл аралык коомчулуктун ролу» деп аталган  атайын резолюция кабыл алынган.

Буга чейинки резолюцияга демөөрчү болуп БУУга мүчө 12 мамлекет кирген.

Бул резоляция жабык уран кендерин калыбына келтирүү жана алардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин изилдөө боюнча техникалык даярдыктарды көрүүдө маанилүү прогресске жетишүүгө мүмкүндүк берген.

2018-жылдын 21-ноябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын Экинчи комитети тарабынан кабыл алынган резолюциянын жаңыланган долбоору эл аралык коомчулукту Борбордук Азия мамлекеттерине уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө көмөктөшүүгө чакырат жана төмөнкү приоритеттүү чөйрөлөрдө регионалдык кызматташуунун маанилүү экенин баса белгилейт: мыйзамдык базаны эл аралык стандартка ылайыкташтыруу; калдык сактоочу жайларды башкаруу жана андагы урандын жана башка радиоактивдүү жана уулуу заттардын калдыктарын коопсуз  деңгээлде кармап туруу; калдыктар сакталуучу жайларды рекультивациялоо жана алардын коопсуздук деңгээлин көзөмөлдөп туруучу процесстерди жакшыртуу боюнча атайын программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгып жүзөгө ашыруу; калктын маалымдуулугун жогорулатуу; калктын булганган материалдар менен аралашуусуна жол бербөө жана калдыктар сакталган жерлер жайгашкан райондордогу калктын жашоо сапатын жана деңгээлин жогорулатууга багытталган социалдык-экономикалык, медико-санитардык жана гуманитардык иш- чараларды жүзөгө ашыруу.

Документте кыргыз тараптан демилгеленген жана өткөрүлгөн  эл аралык иш- чаралар белгиленген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: