Menu

Алмаз Кененбаев Ысык-Көлдүк аксакалдардан бата алды

Бөлүшүү:

11-ноябрда президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орунбасары Алмаз Кененбаев баш калаабыздагы «Президент» ресторанына кичи мекени Ысык-Көлдөн чыккан аксакалдарды чакырып, бата алды. Бата берүү жөрөлгөсүнө Көл кылаасынан чыккан Султан Урманаев баштаган салт билген аттуу-баштуулар чогулушуп, өсүп келе жаткан чыйрак жигитке бата берип кайтышты. «Бала баатыр» сыртынан орус мүнөз күткөнү менен, салт билген сакалдуулардан кыргыздын жигити катары бата алганы бир эсе кубандырат. Ага-тууган, жакындары «космополит болбой, чындап карьералык өсүш жасай турган болсоң, аксакалдар менен элден-журттан бата ал” дешсе керек да. Болбосо, мындайга өзүнүн ой-жоруму жетпейт эле. Неси болсо да алган батасы кабыл болуп, өрүшү кенен болсун!

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: