Menu

Тилек Токтогазиев, “Жашыл чарба” агрохолдингинин директору: 90% айыл чарба азыктары контрабандалык жол менен ташылып келет

Бөлүшүү:

Жакынкы эле күндөрү өлкө президентинин катышуусу менен республикалык жаштар конгресси болуп өттү. Анда омоктуу айыл чарба маселелерин козгоп чыккан «Жашыл чарба» агрохолдингинин жетекчиси, айыл чарба маселелери боюнча серепчи Тилек Токтогазиев менен маек курдук.

Өзүбүздүн айыл чарба азыктар арзан, бирок тынымсыз контрабандалык жол менен да азыктар агылып келип, биздин базардан орун алат экен…

– Айыл чарба азыктарына болгон контрабанданын эки жолун айтсак болот. Өсүмдүк өстүрүү үчүн ар кандай уруктарды ташып алып келгендер көп. Алардын кесепетинен биз жакшы түшүм алалбай жатабыз. Алар менен биздин өстүрүү технологиябызда чоң айырма бар.

Экинчиден, өстүрүлгөн азыктар Өзбекстан, Казакстандан азыр көп келип жатат. Күз, кыш, жаз мезгилинде көбүнчө 90% азыктар чет өлкөдөн келет. Мисалы, помидор, бадыраң дегендер. Негизи контрабанданы жабыш керек. Анткени бизге келген маалымат боюнча, Өзбекстандын азыктары Орусиянын, Казакстандын базарына кирбей калган. Сертификаттары жок, же алардын стандарттарына жооп бербеген бадыраң, помидорлорду бизге алып келишет. Чек аралардан көп текшерүү көзөмөл болбогоңдуктан бизге жөнөтүшөт. Мүмкүн алардын ичинде нитраттар, дарылар көбүрөөк колдонулган. Анын баары биздин базарларда сатылууда. Ыргыткандан көрө сатып жиберели деп, өз баасынан төмөн болсо да бизге сатып жиберишет. Ошол эле Казакстанда күнөсканачыларын колдоп 50%га чейин жеңилдик беришет. Жер семирткичтерди, уруктарды жакшы компаниядан алышса, анын 50%ын өкмөт каржылайт. Күнөскана салам десе дагы жарымын өкмөт төлөп берет. Кыргызстанда күнөскана иштеткендер өзүбүздүн эле каражатыбызга базар экономикасы менен иштеп жатабыз. Бул мамлекеттик деңгээлде ойлоно турган чоң маселе.

– Дыйкан эмгеги акталбай калды. Маңдай терлерин төгүп жайды-жайлай иштеп, эми түшүмдөрү арзыбаган акчага бааланууда. Дыйкандарга кантип камкордук көрсө болот?

– Бул жылы ушундай болуп калды. Дыйкандын эмгеги акталбай калды. «Картошка сатуу боюнча Өзбекстан менен келишим түзүлдү. Биз ошол жакка сатып беребиз» деп жаз айларында министрликтен сөздөр чыккан. Күз айы келип, сата турган убакта кайра алар чек коюп коюшту. Алар чек койгондон кийин биздин азыктар эч жакка сатылбай калды. Дыйкандар жыйырма сомго сатам деген ой менен иш башташса, ал азыр 6-7 сомдон эле сатылып жатат. Бул өзүнүн чыгашаларын да жаппайт деген сөз. Өзүбүздү коргоо жана контрабанда маселесине токтолсок, дарбазачысы жок футбол командасындай абалда калып жатабыз. Бизди коргогон да, колдогон да эч ким жок. Эрежелер болуп турса балким алдыга жылмакпыз. Башка жол бар, бул – инновациялар менен иштешип, бренддерди жасаш керек. Негизи Кыргызстанда бренддер аябай аз болуп жатат. Бизге бренддер көп керек. Ал үчүн жаңы таңгактарды чыгарып, сатуучу маркаларды жасап, аларды реклама кылып, эл арасына жайылтыш керек. Ошондо биз өзүбүздүн баабызды койсок болот. Мен өзүм чет өлкөдөн келген азыктарга кызыкпайм, жегим келбейт. Анткени аны үзүп, чогултуп алып келгенче канча деген убакыт өтөт. Ал убакытта бузулуп, чирип кетпеш үчүн алар кандай гана жолдорду колдонушпайт. Түрдүү зыян заттарды кошуп коюулары мүмкүн. Мен өзүбүз өстүргөн азыктарды тартуулагым келет. Менин досторум, тааныштарым биз кандай жол менен өстүрөрүбүздү билишет. Бизге ишенишет. Ошон үчүн биз өзүбүздүн брендцерди түзүп, ошолорду күчөтүш керек. Ак мөңгүлүү бийик тоолорубуз, даңгыр талааларыбыз, тунук суу, дарыяларыбыз кең бош жатат. Анан уулуу затгарга чыланган жашылча, жемиштерди кымбат баага сатып алабыз. Мени ушул абал кейитет.

– Эми кыш жакындап келатат. Кыргызстанда күнөсканалар кандай деңгээлде? Чоң күнөскана иштеткендер, кызыккандар барбы?

– Азыркы убакта статистикага таянсак, бизде миңден ашык күнөскана менен иштеген дыйкандар бар. Жалпы 100-150 гектардай жерге күнөсканалар курулган. Алардын арасында ар кандайы бар. Кээ бирлери 1-2 сотых, айрымдары 2-3 гектарга чейин жетет. Баарында кыргыздар иштешет. Деңгээли боюнча айтсак, жаңыдан үйрөнүп, ирденип жаткан кезибиз. Көп убакта билим жагынан, кадр маселелеринен аксап жатабыз. Технологиялар жетишсиз. Ошолордун баарын биз эми-эми чечип баштадык.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: