Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Мурзабеков Эркебай Рустамович Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору болуп дайындалды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү буйруктары менен Касымов Жыргалбек Туратбекович Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директорлугунан жана Джумашев Саматбек Аспекович Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директорунун орун басарлык кызматтарынан бошотулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ