Алматыда “бомба катылган” деген кабардан кийин Республика аянтындагы №13 имараттын адамдары эвакуацияланды. Бул тууралуу Алматы шаардык полиция департаменти билдирди.
Имаратта бир нече телеканал, радио жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциялары жайгашкан.
КТР телеканалы кабарлагандай, 22-ноябрда редакцияга белгисиз киши чалып, “жардыруучу зат жашырылганын” кабарлаган. Алматы шаардык полиция департаментинин маалымат катчысы Салтанат Азирбек текшерүү башталганын жана ким телефон чалганын аныктоо иши жүрүп жатканын билдирди.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ