Menu

Өзбекстан адам укуктары жаатында бейөкмөт уюмдар менен кызматташат

Бөлүшүү:

Өзбекстан өкмөттүк эмес укук коргоо уюмдары, эл аралык институттар менен “конструктивдүү диалогду” улантып, адам укуктары жаатында өнөктөштүктү кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 22-ноябрда Самаркандда өткөн Адам укуктары боюнча Азия форумунда билдирди.

“Биздин негизги приоритеттер – адамдын негизги укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо. Тынчтык, туруктуулук жана бакубатчылык дал ушул нерседен көз каранды”, – деди Мирзиёев.

Президент 70 жыл мурун кабыл алынган Адам укуктарынын жалпы декларациясы бүткүл дүйнөдө гуманизм жана демократия принциптерин бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзгөнүн белгиледи. Ошол эле маалда бул позитивдүү жараянга куралдуу жаңжалдар, улут аралык жана диний келишпестиктер тоскоолдук жаратып жатканын айтты.

Шавкат Мирзиёев качкындар көбөйүп, билим жана медициналык жардам алуу кыйын болуп жаткан маалда четте карап туруу мүмкүн эмес экенин, тең укуктуулукту камсыздоо аркылуу жакырчылык менен ачарчылыкты жеңүү зарылдыгын кошумчалады.

Адам укуктары боюнча Азия форуму биринчи жолу өтүүдө. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев май айында АКШга барганда иш-чараны Самаркандда өткөрүүнү демилгелеген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: