Menu

Ашхабадда машыктыруучулар окуучуларды киного алып барууга милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Ашхабадда спорттук мектептердин машыктыруучулары жумуштан тышкаркы убакта окуучуларды кинотеатрларга алып барууга милдеттендирилди. Маданий агартуучулук окутуучулардын эсебинен жүргүзүлөт.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, ноябрда күчүнө кирген талапка ылайык, ар бир мугалим өзү менен кошо бештен кем эмес окуучуну киного алып барышы керек. Кинотеатрларда билет 2,5 манат (Түркмөнстан Борбордук банкынын курсу боюнча 1 доллар – 3,5 манат ) турат.

Маалыматтарга караганда, Ашхабаддагы кинотеатрлардын репертуарлары көп жылдардан бери жаңыланбай келет.

Спорттук мектептердин кызматкерлеринин бири окуучулар менен мугалимдерди киного жөнөтүп жаткан шаар бийлиги ээн калган кинотеатрларда көрүүчүлөрдүн санын көбөйтүүгө аракет жасоодо деп эсептейт.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: