Menu

“Центтерра” Кумтөрдү алууга кытай компаниялары кызыгып жатышканын билдирди

Бөлүшүү:

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөгө өкмөттүн чакыруусу менен келген “Centerra Gold Inc.” компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Кездешүүдө Кумтөр кенине тийиштүү маселелер талкууланды. Өкмөт башчыга маалымдалгандай, “Centerra Gold Inc.” кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча быйыл Кумтөр кенинде 15,5 тоннадан кем эмес алтын өндүрүүнү пландаштырууда, бул болжолдуу көрсөткүчтөрдөн жогору.

“Centerra Gold Inc.” компаниясынын жетекчилиги эки жылдык геологиялык иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыкса, Кумтөр кенин иштетүүнүн мөөнөтүн бир нече жылга узартуу мүмкүн болорун айтты. Скотт Перри премьер-министрге маалымдагандай, акыркы бир нече жыл ичинде эл аралык ишканалар, анын ичинде кытай компаниялары “Centerra Gold Inc.” ишканасына инвестиция салууга же сатып алууга кызыкчылыгын билдиришкен. Бирок азыркы тапта компания кандайдыр бир расмий сунуштарды алган эмес.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алтын кен ишканасында экологиялык ченемдерди сактоону жакшыртуу боюнча күч-аракеттерди активдештирүү зарылдыгына басым жасады.

Канаданын “Centerra Gold Inc” компаниясы Кыргызстандагы эң ири Кумтөр алтын кенин иштетет. “Центеррадагы” акциялардын 26,5 пайызына “Кыргызалтын” акционердик коому аркылуу кыргыз өкмөтү ээлик кылат. Мурдараак Кумтөрдө 2026-жылы кен түгөнөөрү кабарланган.

Буга чейин айрым ЖМКлар Кумтөр кенинин жумушчуларынын айтканына таянуу менен, “Центерранын” жетекчилиги компаниядагы Кыргызстандын үлүшүн сатуу боюнча Кытайдын “Shadong Gold” (Шандунь Голд) компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү кызуу жүргүзүп жатканын жазып чыгышкан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: