Кыргызстандык Замира Крейг АКШда өткөн эл аралык Miss Asia USA 2018 сынагында, Mrs Europe Global и Mrs Fitness номинациясында жеңүүчү аталды. Ал өзү Sputnik сайтынын кабарчысы менен телефондо сүйлөшүп, бул маалыматты тастыктады.
Эл аралык сулуулар сынагы 17-ноябрдан 19-ноябрга чейин АКШнын Лос-Анжелес шаарында болуп өткөн. Таажы жана башка байгелер үчүн жалпысынан 30 айым атаандашып, өз жөндөм, өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Катышуучулардын жашы, үй-бүлөлүк абалы эске алынган эмес. Ал эми жеңүүчү Замира Крейг жаш курагын айтуудан баш тарткан.
Сынактын финалында катышуучуларды мекенинин жайгашкан континентине жараша 6 категорияга бөлүшкөн. Кыргызстандык Замира Крейг сынакка алгач Азиянын өкүлү катары катышып, андан кийин Лондондо жашаганына байланыштуу, Европанын атынан чыккан.
“Сынактын кантингинен 20-майда эле өткөм. Финалдык бөлүктө кыргыздын улуттук кийими менен чыктым, ал бардыгына жакты”, -деп билдирген ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ