Menu

Зарылбек Рысалив, ЖК депутаты: “Мамлекеттин берген мүмкүнчүлүгүн ИИМ өлтүрдү да, өлтүрдү…”

Бөлүшүү:

– Зарылбек Кылычбекович, ИИМдин мурдагы жетекчиси катары патрулдук милицияны кайра түзүүгө көз карашыңыз кандай?

– ИИМге реформа жасоо үчүн аябай эле чоң мүмкүнчүлүктөр берилип жатат. «Туристтик милиция түзгүлө» деди. Туристтик милиция деген – бул ички иштер органдарынын күзгүсү болуш керек эле. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, англис тилин билген, мүчө-бою келишкен, билимдүү кызматкерлерди тандап алыш керек эле да. Анын ордуна эмне кылып атат? Туристтик милицияны ППСтин катарына берип коюп атат? ППСте он жылдык билими бар кишилер деле иштеп атпайбы. Демек, ИИМ мамлекеттин берген мүмкүнчүлүгүн пайдалана алган жок. Өлтүрдү да, өлтүрдү! Мындай мүмкүнчүлүк күндө эле бериле бербейт да. Эми кайра «патрулдук милиция кылабыз» дейт. «Патрул» деген сөздү чечмелеп көрсөк, бул – көзөмөл. Ички иштер органдары жөнүндөгү мыйзамда милициянын үч милдети бар: коомдук тартипти сактоо, кылмыштардын бетин ачуу, транспорттогу кылмыштарды ачуу. Патрулду жалаң эле ППС эмес, күзөт бөлүмдөрү, участкалык инспекторлор, кылмышкерлерди издөө бөлүмдөрү да жасашат. Анан аны бөлүп койгон туура эмес.

– ИИМдин түшүндүрмөсү боюнча кайра курууга байланыштуу азыр жол кыймылын көзөмөлдөө кызматында иштегендер бүт бойдон кызматтан бошотулуп, кайрадан конкурска катышып, андан өткөндөр үч ай окутулат экен. Бул кайра эле акча жыйнамайга алып келбейби?

– Үч айда эмнеге үйрөтөт? «Биздин академиядан билим алат» дегенге мен көп ишене албайм. Себеби, ал жерде иштеген мугалимдердин таз кейпин билебиз. Милициянын орто мектебин бүтүрүп келген балдардын деле кейпин көрүп атабыз. Ошондуктан, иштеп аткан кызматкерлерди калтырып, арасынан тыңдарын тандап, жакшынакай кылып иштетсе болот да. Анан баарын кууп, тынч иштөөгө шымалангандарды иштетпей жатпайбызбы.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: