22-ноябрда, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Мурдагы жылдарга салыштырмалуу, быйыл жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери эрте башталды. Азыркы убакта балатынын “сөөгү” орнотулууда.
Мэрдин маалыматтык саясаты боюнча коомдук кеңешчиси Гуля Алманбетова: “Мэриянын кызматкерлери былтыр колдонулган жаңы жылдык оюнчуктарды текшерип, кем-карчын толуктоо керек. Быйыл балатыга ашыкча чыгым сарпталбайт, шаарды кооздоого өзүнчө акча бөлүнүп берилбейт ”, -деп билдирди.
Эске салсак, 2015- жылы Кытай элчилиги 25 метр бийиктиктеги балатыны белекке берген. Быйыл дагы ошол эле балаты коюлуп, кооздолот. Жаңы жылдык балатыны орнотуу жумушун “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасын аткарып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ