Үсөн Кудайбергенов чагылгандай жарк этип өчкөн кыргыздын таланттуу акыны маркум Турар Кожомбердиевдин аталаш иниси болгон. Адатта чыгармачыл адам сезимтал, көрөгөч келет. Акын Турар иниси Үсөндүн маңдайындагы жазууну 30 жыл мурда эле билген белем. Дегенибиз, акын кезинде жогоркудай ыр саптарын жазган экен.
«Балким бири болоорсуң өлгөндөрдүн,
Балким бири болоорсуң көмгөндөрдүн,
Арасында болоорсуң азгандардын,
Арасында болбойсуң качкандардын,
Арасында болбойсуң сатылгандын,
Арасында болоорсуң атылгандын…»
Ырда жазылгандай Үсөн Кудайбергенов 2005-жылы 10-апрелде өз үйүндө белгисиз адамдар тарабынан атылып, шейит кеткен. Ушул күнгө чейин кыргызды дүйнөгө даңазалаган Үсөн агабызга ок аткан адамдарды бийлик алигиче кармай элек. Эгер ал тирүү болгондо, 27-ноябрда 69 жашка чыкмак. Гиннес китебине кирген какадер Үсөн Кудайбергенов 1949-жылы туулган.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ