Menu

УКМК: Мэрия менен “Бишкексветтин” кызматкерлерине иш козголду

Бөлүшүү:

Шаардык мэриянын жана “Бишкексвет” муниципиалдык ишканасынын кызматкерлерине  карата, Бишкек шаардык прокуротурасы тарабынан  КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-статьясынын 3-бөлүмүнүн 1-пункту (“кызматтык абалды кыянаттык менен пайдалануу”) жана 306-статьясынын 2-бөлүмүнун 1,3-пунктунун (” КРнын кызыкчылыгына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү”) негизинде кылмыш иши козголгон.

Аталган  иш боюнча  Кыргыз Республикасынын УКМКсы  иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу 23- ноябрда, УКМКнын пресс борбору билдирди.

Териштирүүдө 2016-жылдын ноябрь айында, 2017- жаңы жыл майрамына карата борборду жасалгалоо,  балатыны кооздоо ишин аткарууда  Бишкек шаарынын мэриясы жана “Бишкексвет” МИнин кызматкерлери бул ишке байланыштуу сынактын жыйынтыгын алдын ала чыгарып, “GrandPRO” ААКсы менен 16 миллион 250 миң сомго мыйзамсыз келишим түзгөндүгү белгилүү болгон.

Мындан сырткары, “GrandPRO” ААКсына 2 млн 19 миң сом өлчөмдө   мыйзамсыз акча которулган. 2017-жылы Бишкек шаарын майрамга карата кооздоодо пайдаланылган жабдыктарга кеткен чыгымдын суммасы, түзүлгөн  акт боюнча 13 миллион 258 миң 500 сом деп белгиленген. Бирок, “GrandPRO” ААКсынын бажы декларациясына ылайык, алардын иш жүзүндөгү наркы 7 млн 427 миң 900 сомду ган түзгөн.

Демек, чыныгы чыгымдалган сумманын үстүнө 5 млн 830 миң 600 сом жок жерден кошулуп, ошонун натыйжасындажалпы чыгым 13 млн сомдон ашып кеткен.

Ошентип, мамлекетке 7 млн 849  миң 600 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

 

2017-жылдагы жаңы жылдык балаты.

Булак: KyrgyzToday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: