Menu

Феликс Кулов, мурунку премьер-министр: «Эгер Атамбаев  “Баатыр” болсо, өзү эле сурак бергени барбайбы?»

Бөлүшүү:

– Феликс Шаршенбаевич, Атамбаевдин маеги тууралуу пикириңизди билели. Анын кайсыл сөзү сизге жаккан жок?

– Атамбаев туура эмес көп сөздү айтты. Бирөөсүн сөзмө-сөз келтиргенде “Силерди олтургузбаса, өлтүрүп коюшу ыктымал. Бакиевдин мезгили кайтып келди” деди. Президент болуп өлкөнү башкарган адамдын оозунан ушундай сөз чыгып жаткан соң, ал өлкөдөгү туруктуулукту каалабай жаткандай сезилди. Бул эл атасы болгон мурунку президенттин деңгээлиндеги сөзбү? Мындай болбойт. Саясаттан алыс болгон адам “Дагы тополоң болгону жатабы? Эмне мен Кыргызстандан чыгып кетейинби?” деп мага чыкты. Атамбаевдин ушул айтканы жакшылыкка алып келбейт. Интервьюну баштан аяк көрдүм. Жалаң актануу эле болду байкуштуку. Мындай сөздөрдү токтотуш керек.

– Сиз буга чейин деле Атамбаев кандай киши экенин билип калгансыз да?

– Аны элдин баары жакшы билип калбадыбы. Мен деле саясатта чогуу жүрүп, кандай киши экенин буга чейин деле анча-мынча билип калгам.

– Саясаттан кетпейм деп айтты. Анда чегине турган жол калбай калдыбы?

– Ооба, ал киши үчүн артка чегине турган жол жок. Өзү революция болбойт деп айтты. Анын бул сөзүнө ким ишенет? “Өлтүрөт, мыйзамсыз камайт” деп айтып жатпайбы. Ушунун өзү ачык эле элди бөлүп-жаруу. Камалган Исаков менен Кулматовду азыр эле мыйзамсыз камашты деп айтып жатат. Ал үчүн соттун чечими керек. Сот болсо баарыбыз кандай болгонун көрөбүз.

– Атамбаев маегинде баарын өзү көзөмөлдөп турганын ачыктады. Эми аны тергөө органы суракка чакырса болобу?

– Экс-президенттин статусу жөнүндө мыйзам бар. Ошол мыйзам боюнча экс-президент суракка алынбайт. Азыр Атамбаевди эч ким суракка чакырбайт. Бирок, тергөө органы “Урматтуу Алмазбек Шаршенович, мыйзам боюнча сизди суракка чакыра албайбыз. Бирок, биздин сизге карата бир топ суроолорубузга өз ыктыярыңыз менен жооп бере аласызбы?” деп сунуш киргизсе болот. Атамбаев өзү “Мен чечим чыгардым. Демилгени мен көтөрдүм. Акчаны мен алып келдим” деп баарын мойнуна алып жатат. Логика боюнча сурак болушу керек. Атамбаев баарына жооп бербейби эми? Тигил жакта күнөөсүз балдар олтурса, анын буйругу менен ишти аткаргандардын күнөөсүн дагы мойнуна алышы керек. Эгер Атамбаев  “Баатыр” болсо, өзү эле сурак бергени барбайбы?

– “Мен чечимди кабыл алгам” деп айтып, баарын өзү жасаганын ашкерелеп алган Атамбаев ким экенин көрсөтүп алдыбы?

– Атамбаев “несолидный” киши да. Эгер саясатчы болсо жеке бир адамга тийишип жаткандан кийин баарын аргуменнт менен айтышы керек эле. Атамбаев Жээнбековду жек көрсөтөм деп атып, тескерисинче анын аброю өзүнүкүнөн чоң экенин билдирип койду. Утуш Жээнбековдо. Жээнбеков Атамбаевге окшоп майда нерселер менен алектенбей, андан жогору экенин көрсөтсө, баары жакшы болот.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: