Журналист Нургазы Мусаев жаш шахматчылардын үй-бүлөсүнүн кубанычын тең бөлүшүп, Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгү таасирдүү окуяны жазды.
“Балдарды сүйгөн Роза эже! Калдаңдап кубанып, Съездбек Таштекеев досум келиптир. Чемпион уул-кыздары: Руслан менен Айжан акыркы 3 айда Кыргызстан менен Казакстанда өздөрү катышкан бардык шахмат турнирлеринин алтын медалдарын утуптур. 7 жаштагы Айжан Москвада өтүүчү Ботвинник Эл аралык турнирине жолдомо алыптыр.
Уюштуруучулар бардык чыгымдарын төлөп берет экен. Жаш кыз кантип барып келет эми деп сарсанаа болушуп, атасы кошулуп баралы десе, билетке тыйын жок карайлап калышыптыр. Поезд менен барайын десе, ал деле кымбат экен. Съездбек 1-радионун “Инсан” берүүсүндө түз эфирге чыгып, сөз арасында Айжанды кантип Москвага жалгыз жөнөтөбүз деп кыжаалат болуп жатканын айткан экен. Аны радиодон кадимки Роза Отунбаева угуп калып, эртеси Айжандын атасы Съездбектин барыш-келишине самолетко бизнес-класстан билет сатып бериптир.
Ошентип, 8-августта Съездбек байлар уччу бизнес-класс менен Москвага учуп жатыры. Ошол эле рейсте Айжан да болот, бирок ал эконом-класста учат. Бала дегенде, айрыкча таланттуу бала дегенде жүрөгү элжиреп, колдон келгендин баарын жасап келе жаткан Роза эжеге терең ыраазычылык. Энелик жүрөгүңүз менен жүздөгөн кыргыз өспүрүм жаштарын колдоп келе жатасыз. Бар болуңуз, Роза эже! Айжан болсо жеңиш менен кайтсын. Биз ага ишенебиз!”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ