Бүгүн, 24-ноябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында “Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең” аталышындагы кезектеги курултай өтүүдө.
Анын уюштуруучулары катары Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков жана Айбек Бусурманкуловдор аталууда.
Алар президент Сооронбай Жээнбековдун 1 жылдык ишмердигине баа берип, мындан аркы ишмердигин көзөмөлгө алабыз деп опурулуп турган чагы. Ошондой эле уюштуруучулар убада кылган Эмил Каптагаевдин экс-президент Алмаз Атамбаевдин 7 жылдык ишмердигине баа берген доклады күтүлүүдө.
Курултайды президенттин атынан куттуктоо үчүн КР президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев келип, президенттин куттуктоосун окуп берди.
Курултайга жалпысынан 600дөн ашуун адам катышып, алардын катарында коомдук ишмерлер Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков, Кылычбек Султан, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков, Медеткан Шеримкулов, Турсунбек Акун, Азимбек Бекназаров, Асия Сасыкбаева жана башкалар бар.
Ал эми учурда Азимбек Бекназаров Сооронбай Жээнбековдун 1 жылдык ишмердигине баа берген докладын окуп баштады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ