Menu

Экс-депутат Равшан Жээнбеков: “Бийлик бутактарынын тең салмактуулугу 27 жыл бою сакталбай келет”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында өтүп жаткан “Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең” аталышындагы кезектеги курултайда экс-депутат Равшан Жээнбеков “бийлик бутактарынын тең салмактуулугу 27 жыл бою сакталбай келет. Президенттердин башкаруусун 27 жыл бою көрдүк. Эми өлкөнү премьер-министр башкара турган системага өтүшүбүз керек” деди.

“Эмнеге азыр күчтүү парламент болбой жатат? Анткени өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин үстүндө президенттик аппарат турат. Ал өкмөт менен парламенттин күчтүү болушуна жол бербейт. Бүгүн чогуу, ынтымактуу бирок, бири-бирибизге сын айткан жемиштүү курултай өткөрөлү дедик. Андыктан президенттин аппаратынан келип бизди куттуктап жатышса таң калбаңыздар. Негизи мурунку курултайларды кандай провокациялык иштер болуп кетет экен деп кооптонуу менен өткөрөт элек, бүгүнкү курултай башкача маанайда өтүүдө”, – деди Р. Жээнбеков.

Айта кетсек, иш-чарага жалпысынан 600дөн ашуун адам катышып, алардын катарында коомдук-саясий ишмерлер Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков, Кылычбек Султан, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков, Медеткан Шеримкулов, Турсунбек Акун, Азимбек Бекназаров, Асия Сасыкбаева жана башкалар бар.

Ал эми учурда “легендарлуу” парламенттин спикери, коомдук-саясий ишмер Медеткан Шеримкуловго сөз берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: