Menu

Кырсык: мамыны сүзгөн “Мерседес-Бенц” экиге бөлүнүп кеткен

Бөлүшүү:

24-ноябрга караган түнү Бишкекте Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жеңил унаа кырсыкка кабылды. Андан улам 2 адам каза болуп, дагы бир адам ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн түндө саат 3:40тар чамасында “Мадина” базарынын жанында, “7-апрель” көчөсүндө катталган. Анда Мерседес-Бенц жеңил унаасы мамыны сүзүп алып,  экиге бөлүнүп кеткен.

Кырсыктан каза болгон айдоочу 26 жашта, ал эми жүргүнчү 22 жашта болгон. Дагы бир жүргүнчү дароо ооруканага жеткирилген. Учурда ЖКККБнын кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп, жол кырсыктын себебин тактап жатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: