Menu

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев: “Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык бийлигине баа бериш үчүн Жогорку Кеңеште атайын комиссия түзүлүшү керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” курултайында коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев “Атамбаевдин алты жылдык ишине талдоо үчүн Жогорку Кеңеште атайын мамлекеттик комиссия түзүп, укуктук баа берүү зарыл” деген сунушун билдирди.

Ал мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге “экс-президент” деген макам ыйгарылбаганын эскертип, “ал эми Алмазбек Атамбаевдин убагында бийлик узурпацияланып, кландык башкаруу орногон, натыйжада өлкөдөгү сот түзүмү, прокуратура, күч түзүмдөрү бир кишиге кызмат кылып калган” деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүнкү иш-чарада  экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык жана азыркы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун иш мөөнөтүнүн алгачкы бир жылына баа беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: