Бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте өткөн элдик Курултайдын чечими менен делегаттар экс-президент Алмаз Атамбаевдин 2011-2017-жылдардагы, 6 жылдык президенттик ишине баа берип, анын ишмердигин канааттандырарлык эмес деп таап, Атамбаевден “экс-президент” деген статусту жана кол тийбестик макамын алып салуу чечимине бир добуштан “макул” деп добуш беришти.
Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн Бишкекте коомдук-саясый жана мекенчил күчтөрдүн курултайы болуп өтүп, анда делегаттар президент Сооронбай Жээнбековдун 1 жылдык президенттик ишмердигине баа берип, канааттандырарлык деп тапкан, ал эми экс-президент Алмаз Атамбаевдин 6 жылдык президенттик ишмердигине канаатандырарлык эмес деп баа берген.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ