Menu

КСДП активдүү жаштардын башын бириктирип, өзүнө тартып жатабы?

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-июнда Кыргызстандын коомдук-саясый жана мекенчил күчтөрү “Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең” аталыштагы курултай өткөрүшүп, Кыргызстандын экс-президенти, КСДПнын лидери Алмаз Атамбаевдин 2011-2017-жылдардагы президенттик ишмердигине канааттандырарлык эмес деп баа берди. Курултай өзүнүн чечими менен Алмаз Атамбаевден “экс-президент” деген статусту, кол тийбестик макамын алып салууну, аны сот жообуна тартууну, азыр өлкөдөн качып кетпеши үчүн чек араларга бөгөт коюуну КР Жогорку Кеңешинен, Президенттик аппараттан, Генпрокуратурадан, Чек ара кызматтарынан талап кылды.

Көп өтпөй эле КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева массалык маалымат каражаттарына “Бишкекте өткөн курултайдын артында кайсы күчтөр тураары көрүнүп эле турат. Курултай эмне максатта өткөрүлгөнү белгилүү. Ага эл арасында ишеними жок баягы эле эски, “дежур” саясатчылар чогулушту. Бул курултайдын аркасында ким тураарын коомчулук өзү баамдап алат болуш керек. Ал оркоюп эле көрүнүп калды”,- деген билдирүүсүн таратты.

Ал эми кечинде белгилүү журналист, “Азия ньюс” гезитинин редактору Аслан Сартбаев өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасында “Иштебиз… Биргебиз…” деген аталыштагы жаңы сүрөтүн жарыялады. Ал сүрөттө кыргыздын активдүү жаштары Адил Турдукулов менен Аслан Сартбаев КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева менен чоогу түшүшкөн. Сартбаевдин “Иштебиз… Биргебиз…”  дегенине караганда жаштар КСДПнын тегерегине биригип, иштешип жатышкан го деген ой келди. Аңгыча ал сүрөттүн алдына экс-элчи Кылычбек Султан “ Бириксек – колдон келет! Жакшы эс алгыла!” деп жаштарды колдогон комментарийин жазды. Сүрөттүн үчүнчү каарманы Адил Турдукулов сүрөттүн жарыяланышын колдоп, “лайк” басып, баш бармакты көрсөткөн смайлигин жарыялады. Ушундан улам жаңыланабыз деп жарыялаган КСДП активдүү жаштардын башын бириктирип, өзүнө тартып жатабы деген жыйынтыкка келдик.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: