Бишкек прокуратурасы Садыр Жапаровдун ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгууга Биринчи май райондук прокуратурасына көрсөтмө берди. Бул тууралу Садыр Жапаровдун актоочусу Шарабидин Токтосунов өзүнүн социалдык тармактардын бириндеги баракчасы аркылуу билдирди:
“Урматтуу кыргыз элим жана Кыргызстандыктар, мен азыр 25-ноябрдын саат 02де үйгө келсем кат келиптир, үйдөгүлөр уктабай күтүп жатышыптыр. ачып окусам Сиздерге сүйүнчүлөй турган жаңылык экен. Бишкек шаардык прокуратурасы менин жазган арызымы карап чыгып жаңы жагдай жок деген Биринчи Май райондук прокуратурасынын токтомун бузуп, кошумча текшерүү жүргүзүү үчүн Биринчи Май райондук прокуратурасына кайра жибериптир. Эми жалпы журт колдоп туруңуздар, Биринчи Май райондук прокуратурасы жаңы жагдай боюнча кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жибериш керек. Ийгилик биз тарапта болушуна ишеничим чоң. Бүгүнкү бийлик Садыр Жапаровтун ишин кайра карап, аны актаса элдин ишенимине кирет, биз да аларды колдогонго даярбыз! Урматтуу элим, талапты токтотпойлу, акырына чейин чогуу бололу. Баарыңыздарга чоң ыраазычылык билдирем,”- деп жазат Шарабидин Токтосунов.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ