Menu

Атамбаевдин президент Жээнбековго каршы экинчи “бомбасы” жарыяланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-ноябрдан 25-ноябрга караган түнү Алмаз Атамбаевдин командасы президент Сооронбай Жээнбековго каршы экинчи “бомбасын” жарыялады. Биринчи “бомбасы” – бир кездеги  Атамбаевдин секретаршасы, кийин КСДПнын казына башчысы болгон Сатыгулованы уулу Адилет менен чет өлкөгө чыгарып жиберип “жардырган” эле. Ал “бомбасы” Сооронбай Шариповичтин шайлоо штабынын “кара кассасы” деген ат менен чыгып, бирок жарылбай түтөп, быкшып калган. Анткени элдин баары билет, “КСДПнын шайлоо штабына” деп олигархтардан акчаны Атамбаев менен анын оң колу Икрамжан Илмиянов жыйнашып, ошолор өз билгениндей чачышкан. Эгер шайлоо штабындагы акча иштетүүдө мыйзам бузуулар болсо ага Атамбаевдин командасы жооп бериши керек.

Биринчи “бомбага эч ким ишенбей, резонанс жаратпай койгондуктан эми ал “кара касса” чын болчу деп бизди ишендиргени Атамбаевдин саясый технологу Алексей Василивецкийди чет өлкөгө качырып, анан ошол жактан “кара касса” чын болчу деп “бомба” жарып жатат. Бирок мунусу да бомба болбой петарда болуп калды деп күлкүгө калды.

Алексей Василивецкий деген ким? Ал 2010-жылы Россиянын атайын кызматтары Кыргызстанда төңкөрүш жасоо үчүн Атамбаевге жардамга жөнөткөн саясый технолог. Ал өзү да акыркы билдирүүсүндө Кыргызстанда 8 жылдан ашык иштегенин, Россиянын жараны экендигин, эми керексиз болуп калгандыктан чыгып кеткенин мойнуна алат. Бирок “менин коопсуздугума коркунуч жаралды” деп жанын жейт. Албетте ал Атамбаевдин учурунда Ак үйдүн 7-кабаты тургай  чатырына чейин чыгып, тайраңдап жүргөн сүрөтү жарыяланып, жаш КСДПчы Ренат Самудиновдор баш болгон активисттер айыптап чыгышкан. Эми ал өз өлкөсүнө барып алып, Атамбаевдин акырынан жем жеп, президент Жээнбековду “каралоо” ишине аралашып, мурун мен “Азаттык” радиосуна маек бергенде кыргыз элин алдап койгом, эми чынын айтам деп билдирүү жасады:

“Жакында менден “Азаттык” радиосунун журналисттери “Сиз Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын ишине катыштыңыз беле?” деп сурашкан. Мен кантышпагам деп жооп бергем. Анда мен калп айткан болчумун. Мен ошону түшүндүргүм келет, анткени мен мыйзамда чет элдик жарандар шайлоодо кимдир бирөөлөрдү жактап үгүт жүргүзүүгө укугу жок экенин билем, мен Россиянын жаранымын, ошондуктан зыяным тийбесин деп ойлогом. Азыр мен юристтер менен кеңешип, эч кандай мыйзамдарды бузбаганымды тактадым. Мен албетте штабда иштегем, ал жердеги менин функциям – кеңеш берүү гана болчу, мен эч кимди үгүттөгөн эмесмин. Ошондуктан мен азыр жасап жаткан билдирүү эч кимге зыянын тийгизбейт деп ойлойм. Мен штабда кандай кеңештерди берчү элем: мисалы эмнени чыгара коюп, кандай маалыматтык чуу жасаса болот. Сооронбай Шарипович менен мен өткөн жылдын март айынан баштап жеке иштеше баштадым. Муну оңой эле текшерип алса болот, анткени мен өкмөт үйүнө атайын уруксат кагаз менен кирип, катталып турчумун… Мен талапкердин келечектеги программаларын талкуулоого катышкам, анын эн тамгасын (логотип), ураандарын иштеп чыгууга катышкам, анан азыр айтылып жаткан акча маселелери боюнча айтсам, мен башка бирөөлөр үчүн эмес, өзүм үчүн гана жооп бере алам, ооба андай акчаларды мен алгамын. Мага ал акчаларды эсептеп, жазып чыгарышчу, мен алгамын. Мен ал кезде ПРООН менен да иштешчүмүн, ошондуктан менин кеңеш берүү кызматын көрсөтүүгө патентим бар эле. Ошондуктан кеңеш берүүгө укугум бар болчу. Мен шайлоо кампаниясына катышпагам деп коомчулукту алдаганым үчүн кечирим сурайм. Азыр менде бир аз коркунучтар пайда болду. Анткени мен Кыргызданда 8 жылдан ашык иштедим жана акыркы учурларда менде коопсуздануулар пайда болду. Интернет сайттарда мага каршы жапайы айыптоолор чыга баштады. Артыман түшкөн аңдууларды байкадым, мисалы, мен бирөө менен кайфеде сүйлөшүп олтурсам, күтүүсүздөн эки таңгалычтуу кебетеси бар эркектер кирип келет да жаныбыздагы столго олтуруп алып, тамак-ашка заказ бербей телефон чукулап олтуруша берет. Мүмкүн алар биз байкалбайбыз деп ойлошсо керек, бирок аябай байкалып турат. Менин тааныштарым аркылуу мага “наркотик таштап, карматып коёбуз” деген опузаларды жөнөтүштү. Ошондуктан мен тилекке каршы Кыргызстанды таштап кетүүнү чечтим жана бияктан Кыргызстанда саясый абал кандай өнүгөрүн байкап турууну чечтим”.

https://www.facebook.com/bespredelKG/videos/381115189297878/

Аман эле болушсун, Атамбаев менен анын саясый технологу Алексей Василивецкий.

Атамбаев “бул башталышы эле, менде компромат-бомба көп, Сокени ала жатам” деп кекенип олтурганы айтылууда. Бирок эл кимдин ким экенин, ким ху болгонун билип калды. Ошондуктан Атамбаевдин бардык “бомбалары” петардага айланары бышык.

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: