Бүгүн, 25-ноябрда Бишкек-Ош унаа жолундагы чектөөлөр алынып, жол толугу менен ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, кечээ, 24-ноябрда Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусунда кар калың жаап, бороон болгон. Анын кесепетинен 127-чакырымында кар күрткүсү жол жүрүүгө тоскоолдук жараткан. Жол тыгыны пайда болуп жүргүнчүлөр менен айдоочуларга тоскоолдуктар жаралган.
Мындан улам, Чүй облустук башкармалыгынын ыкчам тобу тарабынан “Сосновка” постунда жана Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында (К. Көлбаев туннель) жылынуучу жайлар жана тамак-аш менен камсыздоо уюштурулган.
Учурда унаалар жүрүп жатат. Бирок, ошентсе да Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды сак болууга чакырат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ