Menu

Эмилбек Каптагаев: “Атамбаев да Акаев менен Бакиев сыяктуу эле бийликти узурпациялап, үй бүлөлүк жана кландык башкарууну бекемдеди”

Бөлүшүү:

Коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн 1-Курултайы Акаев, Бакиев жана Атамбаевдер түзгөн бийлик түзүмдөрүнүн ички табигаты окшош экендигин, ал үчөөнүн мамлекетке карата, элге карата кылган кыянаттыгынын мазмуну да бирдей экендигин, эч айырма жок экендигин, үчөө тең бийликти узурпациялап, конституциялык түзүмдүн сыртында турган, мыйзамсыз бийлик борборун түзүшкөнүн, өздөрү түзүп алган үй бүлөлүк жана кландык башкарууну биротоло бекемдеп кармап калууга аракет жасашканын, мыйзамсыз референдумдарды өткөрүшүп, эл байлыгы болгон “Кумтөр” сыяктуу алтын кенин шылуундардын колуна салып беришкенин, элдин мамлекетке, бийликке жана акыйкаттыка болгон ишенимин өлтүрүшкөнун, коррупцияны гүлдөтүп өстүрүшкөнүн эске алуу менен Атамбаевге төмөндөгүдөй саясий баасын берди:

1. Курултайдын делегаттары Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан 2011-2017-жылдар аралыгында мамлекеттик бийлик узурпацияланганын, өлкөдө мыйзамсыз жеке-кландык башкаруу орнотулганын тастыктоо менен анын өлкө башчысы катары 6 жылдык ишин канааттандырарлык эмес деп тапты.

Анткени Президент Алмазбек Атамбаев Конституцияда көрсөтүлгөн өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, өз жан жөкөрлөрүнөн турган мыйзамсыз башкаруу борборун түзгөн, өлкөдө үйбүлөлүк-кландык башкаруунун жаңыланган түрү болгон жеке-кландык башкарууну кайрадан орноткон, мыйзам тарабынан каралбаган көмүскө жолдор менен бийлик бутактары толугу менен жеке-кландык бийликке баш ийдирилген, натыйжада Жогорку Кеңеш, Өкмөт жана Сот түзүмү, прокуратура, укук коргоо жана коопсуздук кызматтары өз алдынчалыгын жоготуп, жеке кишинин бийлигин чыңдоого жана анын экономикалык жана саясий кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылып калган, мамлекеттик маанидеги маселелердин чечилүүсү, мамлекеттик ички жана тышкы саясат жеке пикирден жана анын жеке эмоциялык абалынан көз каранды болуп калган, өлкөдө саясий жана экономикалык коррупция күч алган.

Жеке-кландык бийликти түзүү жана мамлекеттик бийликти узурпациялоо 2002-жылдагы Аксыдагы күрөшкө чыккан элдин эркине, 2005-жылдагы Март революциясынын идеяларына жана 2010-жылдагы Апрель Элдик революциясынын максаттарына каршы келе турганы, улуу максаттар үчүн жанын курман кылган боордошторубуздун арбактарына шек келтирип, мамлекеттүүлүккө, парламенттик демократияга жана кыргыз элинин нукура кызыкчылыктарына карата чыккынчылык болуп санала турганы белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 2-пунктуна ылайык мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш экендигин жетекчиликке алуу менен Алмазбек Атамбаевдин өлкө башчысы катары ишинин жана анын жасаган аракеттеринин кесепеттерин иликтөө, айрыкча ал өзү мактанып жаткан байлыгынын булактарын жана мыйзамдуулугун тактоо үчүн, аларга укуктук баа берүү максатында Атайын мамлекеттик комиссия түзүлүшү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен талап кылынды.

Бул Комиссиянын ишине депутаттардан сырткары коомдук ишмерлердин, укук коргоочулардын жана такшалган юристтердин катышуусун камсыз кылуу талап кылынды.

Ошондой эле Курултайда Атамбаевдин байлык булактарын текшерүү, экс-президент макамын алып салуу, өлкөдөн качып кетишине жол бербөө, анын учурунда болгон саясий репрессиялардын курмандыктарынын иштерин кайра кароо маселелери боюнча да сунуштар каралып, жыйынтыктоочу чечимге киргизилди.

Эмилбек Каптагаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: