Menu

Эмилбек Каптагаев: “Атамбаевдин максаты ишке ашса реалдуу бийлик Койташдагы Хан-сарайга көчүп, арыз-арманы барлар Аламүдүн суусун бойлоп ар кайсы бадалдын түбүндө отурмак экен”

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаевдин элдин кызыкчылыгы үчүн акыркы жасаган жакшы иши катары бийликти шайлоо аркылуу тынчтык жолу менен өткөрүп бергени айтылып келе жатат. Бирок “бийликти шайлоонун жыйынтыгы менен өткөрүп берүүнүн…” артында кандай көмүскө максаттар болгон деген суроого жооп өзүнөн өзү анык болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков “24 kg” маалымат агенттигине бир жума мурда берген маегинде: “… биз узак убакыт бою партиялаш жана үзөңгүлөш болгонбуз. Бирок ал үчүнчү кишилер аркылуу мени жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин аракеттеримди башкарып тургусу келгени – адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да ага абийир алып келбейт. Мага анын бул аракеттери таптакыр түшүнүксүз болчу. Ал мени “досум”, “партиялашым” деп көп айтат, бирок чыныгы достор андай кылбайт” – деп агынан жарылды.

Ошентип Атамбаевдин түзгөн жеке-кландык бийлигинин түпкү максаттары айдан ачык көрүнүп калды. Көрсө ал өзүнө ишенимдүү, өйдө карап каяша айтпай турган кишини Президент кылып шайлатып алуу менен мамлекеттеги эң жогорку бийлик болгон Президент, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт номиналдуу гана функцияларды аткарып, анын айтканы менен болуп, а реалдуу бийлик Койташтын башындагы Хан-сарайга көчмөк экен, баардык маанилүү маселелер ошол жакта чечилип турмак экен, зарыл иши барлар, арыз-арманы барлар Аламүдүн суусун бойлоп ар кайсы бадалдын түбүндө отурмак экен таштын үстүндө “качан кабыл алат” деп.

Ошондуктан, урматтуу замандаштар, Атамбаев өз эрки менен бийликти өткөрүп берди деп көкөлөтүү, аны ыгы жок мактоо негизсиз.

Анын ою боюнча 2017-жылдагы шайлоо менен бийликтин узурпациясы аягына чыкмак, өзүнүн логикалык точкасына жетмек, демократия аралчасы деп айтылып жүргөн Кыргыз Республикасында бүгүн тээ илгерки Кокон Хандыгынын тартиптери, ошол замандын жол-жоболору кайра пайда болмок. Ошентип Атамбаевдин жеке-кландык бийлиги Кыргызстанда биротоло орномок.

Кудайдын кыргыз элине көзү түз экен, дагы бир жолу сактады.

(2018-жылдын 24-ноябрында өткөн Коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн Курултайында жасалган баяндамадан)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: