Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгы баланы уруп-сабоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин басма сз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, үч жаштагы кызды сабаган деп шектелип жаткан 29 жаштагы тарбиячыга учурда өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Ага карата ”Жашы жетелек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Эске сала кетсек, бала бакчанын тарбиячысы үч жаштагы кызды сабаган деп шектелүүдө. Милиция кызматкерлерине арыз менен жабырлануучунун апасы кайрылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ