Menu

Ислам өнүктүрүү банкы менен келишимдер алкагында 50 млн АКШ доллары Баткен жана Талас облустарынын ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүүгө багытталат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Ислам өнүктүрүү банкынын Аймактык өкүлчүлүгү тобунун директору Хишам Талеб Маруф менен жолугушту.

Тараптар Баткен жана Талас облустарынын ичүүчү суу менен камсыздоочу айыл чарба секторун өнүктүрүү үчүн бөлүнүп жаткан финансы каражаттарына тийиштүү маселелерди талкуулады.

Хишам Талеб белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтык акыркы жылдары активдешүүдө.

2018-жылдын 23-ноябрында Калктуу пункттарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу чыгарууну өнүктүрүү стратегиясына ылайык, Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы жана Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү ортосунда 20 млн АКШ доллары суммасындагы кредитти берүү боюнча сүйлөшүүлөр орун алды.

Белгилей кетсек, буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Сауд өнүктүрүү фонду биздин өлкөгө кошумча түрдө 30 млн АКШ долларын сунуштады жана баштапкы сунушталган пайыздык үстөктү 1%дан 0,75%га чейин төмөндөттү. Насыя 30 жылга 10 жылдык жеңилдик мөөнөтү менен берилет.

Жалпы суммасы 50 млн АКШ долларындагы бул финансылык каражаттар жогоруда аталган финансы институттары тарабынан жактырылган Концепциянын алкагында Баткен жана Талас облустарынын 91 айылында айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүүгө багытталат. Бул долбоорлор алдыдагы 4-5 жылдын ичинде ишке ашырылмакчы.

Келишимге ылайык, бул долбоордун аткаруучу агенттиги катары Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигине караштуу Ичүүчү сууну камсыздоо жана суу чыгарууну өнүктүрүү департаменти саналат жана Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) уюму тарабынан жүзөгө ашырылат.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 23-ноябрында Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттиги жана Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда «Баткен жана Талас облустарында айылдарда суу менен камсыздоону жакшыртуу» долбооруна байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюлган.

Маалымдама: «Кыргыз Республикасынын эл аралык финансылык уюмдарында мүчөлүгү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынан Ислам өнүктүрүү банкында башкаруучу катары Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: