Menu

Орусияда төрөткананын башкы дарыгери өзбек наристенин өлүмүнө айыпталууда

Бөлүшүү:

Калининград соту өзбекстандык аялдын ымыркайынын өлүмүнө айыпталып жаткан төрөткананын башкы дарыгери Елена Белаяны үй камагына чыгарды.

Тергөөнүн маалыматына караганда, быйыл 5-ноябрда Өзбекстандын жараны оор абалда Калининград шаарындагы №4 төрөтканага жеткирилген. Анын ай-күнүнө жетпей төрөлгөн наристесинин дем алуу органдарында көйгөйлөр бар экени аныкталып, ал чарчап калган. Адистер өз маалында «Куросурф» дарысы берилгенде, ымыркайдын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болмок деп эсептешүүдө.

Облустук тергөө башкармалыгынан төрөткананын мурдагы башкы дарыгери Елена Белая наристеге бир флакону 20 миң рубль турган «Куросурф» дарысын бербөөнү буюрганын билдиришти.

«Ал кол алдындагы кызматкерлерге төрөт тарыхын кайрадан жазып чыгуу буйругун берген. Медициналык документтерге наристе өлүү төрөлгөндүгү тууралуу маалымат кошулган. Биз башкы дарыгер кол алдындагы кызматкерлерге ымыркайдын жашап кетпешине бардык аракеттерди көрүү тапшырмасын берген деп эсептейбиз», — деди облустук тергөө башкармалыгынын өкүлү Наталья Гацко.

Елена Белая өз аракетин «дарынын баасынын кымбат экендиги» менен түшүндүрүп жатат. Төрөткана кызматкерлеринин бири башкы дарыгердин тыюусуна карабастан наристеге «Куросурф» дарысын сайганын, бирок ал күтүлгөндөй жыйынтык бербегенин билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: