Menu

Евробиримдик Борбор Азия менен кызматташтыкты арттырууга кызыкдар

Бөлүшүү:

Европа Биримдиги Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты арттырууга кызыкдар. Бул тууралуу аймактын тышкы иштер министрлери катышкан кеңешменин жыйынтыктары боюнча өткөн брифинг маалында ЕБдин тышкы саясат боюнча жетекчиси Федерика Могерини билдирди.

«Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын ортосундагы мамилелер боюнча стратегиянын анык максаттарын иштеп чыгуу жаатында иш уланууда. Бул жараян уланып жаткандыктан, кандай натыйжалар болорун азырынча айтууга эрте. Бирок бүгүн мен биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн баары Борбор Азия менен кызматташууну каалай тургандыгына ынандым. Бул кызматташтык көйгөйлөргө гана көңүл бурууга эмес, чөлкөмдөгү ички кызматташууну да колдоого багытталат», – деди Могерини.

Ал ошондой эле Борбор Азиядагы бардык беш өлкөдө тең Евробиримдиктин өкүлчүлүктөрүн ачуу чечими кабыл алынганын кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: