Menu

Орусия чек арачылары украин аскер флотунун кемелерин аткылашты

Бөлүшүү:

Орусиянын чек арачылары Керч кысыгынан чыгып келаткан украин флотунун кемелерине каршы курал колдонушту. Бул тууралуу Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүнөн билдиришти.

Украинанын Коргоо министрлигиндеги өз булактардын маалыматына караганда, Орусия үч украин кемесин тең басып алган.

Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Владимир Ельченко орус чек арачыларынын агрессиясына байланыштуу өлкө БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрыла турганын билдирди.

Украин саясатчылары, анын ичинде өлкөнүн мурдагы коргоо министри Анатолий Гриценко Коопсуздук кеңештин чукул жыйынын өткөрүүгө чакырышууда.

Буга чейин Украинанын Аскер-деңиз күчтөрү орус чек арачылары тарабынан аткылоого дуушар болгон кемелери Керч көпүрөсүнүн алдындагы арка аркылуу өткөндүгү тууралуу Kerch.com.ru сайтынын билдирүүсүн четке каккан.

Орусия ЖМКлары Керч кысыгындагы окуяга байланыштуу аймакты көзөмөлдөө үчүн бир нече орус аскер учагы жөнөтүлгөнүн кабарлашты.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: