Menu

Тажикстан кыргыз түрмөлөрүндөгү жарандарын экстрадициялоо боюнча бир дагы өтүнүч жиберген эмес

Бөлүшүү:

Кыргызстан түрмөлөрүндө 80 тажик жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы Жазаларды аткаруу кызматы билдирди.

Мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, камактагы тажикстандыктардын 70 пайызга жакыны маңзат сатуу айыбы менен камалгандар.

«Быйыл Орусиянын эки жана Балтика өлкөлөрүнүн биринин бир жараны экстрадицияланды. Тажикстан менен да камактагыларды өткөрүп берүү боюнча макулашууга кол коюлган. Бирок биз тажик тараптан экстрадиция боюнча бир дагы өтүнүч ала элекпиз», — деди басма сөз катчы.

Кыргызстанда жабык типтеги 11 түзөтүү жайы, 13 жатак жана 6 тергөө абактары, ошондой эле өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн 1 түрмө бар.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: