Жыргалаң-Каракол унаа жолунун 50-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган.
Маалыматка караганда, “Нива” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, автоунаа Жыргалаң дарыясына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен эки адам: айдоочу менен жүргүнчү аял каза болушкан.
Азыркы учурда алардын өздүгү такталууда.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ