Menu

Сайдолимжон Джураев, депутат: “Кызыл-Кыянын аэропорту кайра иштесе, көйгөлөрдүн көбү чечилмек”

Бөлүшүү:

– Сайдолимжон мырза, комитеттин отурумунда Кызыл-Кыянын аэропортун кайра иштетүү боюнча жакшы маселе көтөрдүңүз. Аэропорттун азыркы абалы кандай?

– Кызыл-Кыянын аэропорту учурунда 500 миңге жакын калкты тейлеп турган. Борбор шаарыбызга күнүнө эки жолудан самолет уччу. Чолпон-Атага, Ташкентке каттамдар бар эле. Азыр болсо иштебей турат. Биз бул маселени бир нече жолу көтөрсөк, «курулуштар салынып, азыр ал аэропорт жараксыз болуп калган» деген сөздөр айтылды. Биз анын чын-төгүгүн аныкташ үчүн комитеттин көчмө кеңешмесин уюштурдук. Депутаттар, министрликтин, аэропорттун өкүлдөрү менен чогуу барып, губернатордун, шаардын мэринин, айыл өкмөтүндөгүлөрдүн катышуусунда таанышып көрсөк, аэропортко таандык 44 гектар жер ошол калыбында эле турган экен. Учуп-конуучу тилке деле ордунда. Эгер зарылчылык болсо, дагы запас жер бар. Бул болсо учуп-конуучу тилкени дагы 700-800 метрге узартканга  мүмкүнчүлүк берет. Анда чоң самолёттор да кенен-чонон учуп-коно алышат. Албетте, майда-чүйдө маселелер чыгышы мүмкүн, бирок аларды чечсе болот. Ал эми глобалдык маселе жок. «Самолет учуп-конгондо Өзбекстандын аймагына кирет экен» деп айтып атышат, бирок бул маселени чечсе болот да. Оштун аэропорту деле ошондой. Анүстүнө азыр кошуна Өзбекстан менен мамилебиз аябай эле жакшы.

– Аэропорт калыбында турса, кеңейте турган жери да болсо, анда самолетторду кайра учурганга эмне жолтоо болуп жатат?

– Ал «Манас» аэропортуна таандык. «Манаска» болсо, Кызыл-Кыянын аэропортун кармаган пайдасыз. Бирок, чыгымын эсептеп отура бербей, аны ишке киргизиш керек да. Баткен чөлкөмү алыскы регион болуп эсептелет. Ал жактын тургундары борборго келиш үчүн таксиге отурууга аргасыз. Жол болсо алыс, 20 саатка жакын жүрүшөт. Жолдо айдоочулар чарчап, натыйжада, жол кырсыктары көбөйүүдө. Аэропорт кайра иштесе, бул көйгөлөрдүн көбү чечилмек. Советтер Союзунда ал аэропорт бекеринен салынган эмес да. Биз долбоорлук-сметалык документтерин даярдоого тапшырма бердик. Канча каражат кетерин эсептеп көрүп, эгер алгылыктуу сумма болсо, анда акча издей баштайбыз. Азырынча эч кандай документи, эсеби жок эле сөз кылып жатпайбызбы. Бирок, аэропорт өтө керек. Эгер ал кайра ишке кирчү болсо, регионду өнүктүрүүгө чоң импульс бермек.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: