Menu

Биз билген, билбеген Айтматов

Бөлүшүү:

(Уландысы. Башы өткөн сандарда)

Э.Борбиев Ч.Айтматов жөнүндө

Жогоруда айтылгандай, Эркин Бейшеналиевич Логвиненко көчөсүндөгү кинематографисттер үйүндө Айтматовдун орун басары болуп көп иштеген. Ал кишинин айтымында, бардык иш кагаздарга Эркин Бейшеналиевич өзү кол койгон. Ал эмес банктан акча алганга да Эркин Бейшеналиевич «А.Ч» деп кол койгон. А непада Айтматов өзү кол коюп жөнөтсө, банк «кол тамга туура эмес» деп кабыл албай койчу экен. Чыке жумушта өтө зарыл иш болбосо көбүнчө үйүндө эле иштеген.

Айтматовдун официалдуу биографиясында жана көптөгөн башка материалдарда Мария Урматовнага үйлөнүүсү жөнүндө көп эле айтылган жана жазылган. Мен Эркин Бейшеналиевичтин айткандарын гана бул жерге келтирем. Эркин Бейшеналиевичке кыйбас досторубу, же дагы башкасыбы, иши кылып бирөө Мария Урматовна жөнүндө «ишке алсаңчы» деп өтө суранат. Анан кайсы бир кызматка кабыл алат, күндөр өтө берет. Ошондой күндөрдүн биринде күнүмдүк кеңешме болуп, Айтматов өзү да катышып калат да, залда отургандарды сыдыра карап, Мария Урматовна жаңы кызматкер экенин сезет да «бул ким?» деп Эркин Бейшеналиевичтен сурайт.«Чынгыз Төрөкулович, бул ушундай-ушундай экен, сиз жокто мен кызматка алып койдум» дейт. Чыке ак да, көк да дебейт. Күндөр өтө берет, бирок, Чыке күн сайын ишке келе турган болуп калат. Ошондой күндөрдүн биринде Чыке иштеп кечки беш жарымдарда үйгө кайтмакчы болуп сыртка чыгып, эшиктин астында машина күтүп турат. Узатканы чыгышып, бир-экөө чогуу туруп калышат. Машинага отуруп жылып кетмейинче Чыкени жалгыз калтырып кетүү да туура эмес. Эмнегедир Чыке да машинасына отурбай аркы-беркини сүйлөшкөн болуп тура беришет. Ал кездин тартиби боюнча бардык кызматкерлер эртең мененки саат 9да келип, кечки саат 6да бардыгы иштен чыгып кетишет эле. Ошентип саат алтыдан өтө берип Мария Урматовна сыртка чыгат. Жарыктык Чыке жаш баладай болуп «Волганын» арткы эшигин ача коюп, «Мария Урматовна, отуруңуз, жеткирип коёлу» десе, Мария Урматовна «жок, биз өзүбүз эле жетип алабыз» деп басып кетет. Өмүрү мындайды көрбөгөн Чыке кичине буйдала түшүп, шак машинага отуруп жөнөп кетет. «Албетте, чогуу турган бизге кичине оңтой-сузураак болду» деп айтты эле.

Бул эми Эркин Бейшеналиевич көргөн, байкаган бир эле эпозоду го. Менин оюмча, мындайлар өтө көп жана узакка созулса керек. Эгер оңой эле машинасына отуруп, айдаган жагына көнүп, айткан-дегендерине шак эле макул болсо, Чыке деле түз эле көңүлү калып калышы мүмкүн эле. Ушундан улам «Кылым карытар бир күндө» бул чыгарма жөнүндө жазгандар байкабаган бир эпизод бар.

Эдигей Үкүбалага үйлөнүп, Аралдын жээгинде балыкчылык артелинде кызмат кылып жөнжай турмуш өткөрүп жүрөт. Күндөрдүн бир күнүндө аялынын боюна бүтүп, анын талгагы өзгөчө бир башкача болот. Чыкенин айтымында, деги катындын талгагы ар кандай болот эмеспи: бири ачкыл-кычкыл ачуу эңсейт, башкасы кийиктин этин, же илбээсиндин куурдагына талгак болот. Балыкчынын аялы сейрек жолукчу балыктын этине талгак болгондо эмнени эңсемек эле, Эдигей таңкалбады, кайра кубанды, бирок кызыгы, ал талгак болгон алтын мекре деген балыкты Эдигей өмүрү көрбөгөн. Ал деңиздин өтө тереңинде болот, жөнү алтын сыяктуу сары жылтырак, ошондон улам алтын мекре деп аталып калган. Бирок, кандай болбосун Эдигей бул балыкты табыш керек, аялдын талгагы канбаса ичтеги бала бирдемеден кемчил болуп калат» деген сөздү Эдигейдин уккан жайы бар эле.

Ошентип, Эдигей аябай даярданып, бүт керектүү шаймандарын шайма-шай кылып, эртең менен эрте деңизге чыгып кетет. Бул мезгилде күздөн кышка карап, балыктын сонору өтүп бара жаткан. Эдигей жээкте эки сааттай сүзүп, деңиздин ортосун көздөй жүргөндөн кийин кайыгын токтотуп самоорун тапггады да шаймандарын даярдай баштады. Кайырмак жүз метрдей тереңге салынат да Эдигей күтүп калат. Балыктар көп күттүрбөй эле түшкөнүн билдирет. Эдигей тарта баштайт да ойлонот: чү деген жерден алтын мекре түшө коймок беле? Анда бу дүйнөнүн кызыгы жок, даамы супсак болуп калбайбы, алтын мекре деген тердетип чарчатып түшүүсү керек…

Чынында кантип тез эле, оңой эле, жеңил эле алтын мекре түшүп калсын, анда бул турмуш ушундай жеңил-желпи болуп калабы? Мындай болбош керек, мен кыйналып түндөп-күндөп болсо да күтөм дегендей ойду Эдигей айтып жатпайбы. Ошонун сыңарындай, Мария Урматовнага жетиш үчүн да Чыке көп күч жана убакыт жумшап, алтын мекредей тердетип-кургаткан болуш керек. Болбосо Чыке жазгандай тез эле жете койсо даамы жок, супсак болуп калбайт беле…

Жолборс Жоробеков

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: