Menu

Адил Турдукулов: Өмүр бою эркинен ажыратылган Эркин Мамбеталиевди одоно мыйзам бузуулар менен Феруза Жамашева куткарган

Бөлүшүү:

– Адил мырза, биринчиден, Эркин Мамбеталиев жөнүндө сөз кылардан мурун анын жасаган кылмыштарын эске салуубуз абзел. Экинчиден, ал жазасын толук кандуу алды беле, же 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин будамайланттыбы?

– Мамбеталиевге сегиз адамдын – «Чыныбек Алиев менен Жыргалбек Сурабалдиевден сырткары Азиз Батукаевдин күйөө баласы Хаважи Заурбеков, Ысык-Көлдөгү «Рахат» пансионатынын жетекчиси Бахрул Бурханов, Таластагы уюшма кылмыш топтун мүчөсү Нурлан Бердикеев, Таалай Абасов, жеке ишкер Шамил Адеевди өлтүрүүгө катышкан» деген айыптар тагылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө сегиз адамдын ичинен үчөөнүн – «Алиев, Сурабалдиев жана Абасовдун өлүмүнө катыштыгы бардыгы аныкталды» деп айтылган. Иш Жогорку сотко чейин жеткен жана Мамбеталиев 2008-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган. 2010-жылдагы ыңкылыптан кийин ага оор кылмыш тагылып, өмүр бою эркинен ажыратылса да одоно мыйзам бузуу менен эки жолу мунапыс колдонуп бошотулган. Буйрукту Жогорку соттун ошол убактагы төрайымы Феруза Жамашева аткарган жана мыйзамдын бузулушуна жол ачкан. Ошол анык нерсени айтканым үчүн Эркин Мамбеталиев бир жарым жыл мурун менин үстүмөн «аброюма шек келтирди» деген негизде сотко арыз жазып, моралдык зыян катары менден 5 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылып жатат. Соттун эки тепкичи мени Атамбаевдин жансакчысына 50 миң сом төлөөгө милдеттендирген. Албетте, бул чечимдер мыйзамсыз болгон, мен буга чейин Эркин Мамбеталиевге болгон дооматтарымдан эч качан баш тартпайм. Анан дагы Алиевдин өлүмү боюнча Икрамжан Илмияновдун дагы «кулагы» даана көрүнүп турат. 2004-жылы ал ишкер Атамбаевдин жеке айдоочусу эле. Кылмыш ишинде «Алиевди аткандардын унаасын Атамбаевдин «Форумуна» катууга дал ушул Илмиянов жардам берген» деп жазылган. Икрам мырза ошондо адам өлүмүнө шектелген машинаны билип туруп катканы боюнча СИЗОдо бир айдан ашуун отуруп чыкканы боюнча кабарланып, бирок жазаланган эмес. Ошондуктан, бул жерде иш экөөнүн үстүнөн кайра каралыш керек.

– Саясый элитага белгилүү, соңку убактарда Эркин Мамбеталиев жогорку аткаминерлердин, депутаттардын тойлоруна чакырылып, төрдө отурат. Бул көрүнүш коомго кандай таасир берүүдө?

Союз кулагандан кийин, 90-жылдардан баштап бийлик бүт тармактан кетип, рухий вакуум пайда болгон. Көптөгөн көйгөйлүү маселелер «каралар», криминалдын колу менен чечилген. Ошондуктан «караларга» карата эл арасында романтикалык түр калыптанган.

Кээ бирлерин Робин Гудга чейин салыштырып келишкен. Бирок, эгерде биз үчүнчү эшелондогу мамлекеттердин арасынан арылалык десек, мыйзам иштеп, турмуштагы этика калыптансын десек, эң оболу бул «оорудан» арылышыбыз керек. Ошого биринчи учурда саясатчылар жоопкер. Анткени алардын жүрүм-туруму элге үлгү болуп, жаңы багытты көрсөтө тургандай болушу керек. Мисалы, Жапонияда Якудза менен аралашып саясатчы сүрөткө тушүп калса, анын саясый келечеги да жок болот. Башка азыркы алдыңкы өлкөлөрдө да ошондой. Бизде дагы ошондой салт калыптаныш керек. Антпесек «каралар» да бийлик менен ымалаша беришет, андан ашып өздөрү саясатка келүүгө умтулушат. Аягында укук коргоо органдардын үстүнөн көзөмөлдөп баштайт. Укпагандарын коркутуп, өлтүрүүгө барышат. Акыркы Баткен облусунун прокурорунун атылып каза болгону буга мисал.

– 24-ноябрда курултайга ар кошкон, булганган саясатчылар топтолуп атканы коомчулук тарабынан сынга алынууда. Сиз бул жагына кандай баа бересиз? 

– Курултай – бул негизги бийлик бутагы мыйзам чыгаруу орган болгон парламентти билдирет. Аткаруу бийлигин көзөмөлдөөчү эң негизги функциясын парламенттеги партиялар аткарышы керек. Бирок бизде депутаттар дагы, фракциялар дагы күнкарама сыяктуу. Алар кайсы бийлик болсо, кайсы президент келсе, ошол жакка ооп кете беришет. Ошондуктан саясый бир сезондо, экинчи сезонго курултай өткөрүү салтка айланган. Бирок ошону эски, жадатма саясатчылар сүрөп жатканы бул институтка ишеним болбой жатат. 24-ноябрда курултайга Сооронбай Жээенбеков жана Алмазбек Атамбаевге чакыруу жөнөтүлгөн. Анда бийликтин жетишкендиги жана кемчиликтери айтылат, талаптар коюлат. Бирдиктүү оппозициялык болбосо да, альтернативалык «үчүнчү күч» түзүлөт. Буга эл, президент өзү кызыкдар болушу керек. Анткени талап кыла турган оппозициялык күч болбосо, бийлик орчундуу маселе үстүндө иштебей, популизмге ыктап, өлкө муктаж болгон реформа жасабайт.

– Соңку убакта Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун тиреши күчөп бараткандай. Эки жээктин аткошчулары «компромат согушу» менен алектенишүүдө. Жыйынтыгы кандай аякташы мүмкүн?

– Бул тирештен трагедия жасабаш керек. Атамбаев саясый күрөштү токтотпой, өзүнө ар кайсы күчтөрдү тартып, мурунку каршылаштырына чейин кол сунуп иштеп жатканы туура эле көрүнүш. Анткени, мындай курч саясый процесстер азыркы бийликтин авторитаризмге ыктап, үй-бүлөлүк башкарууга өткөнгө жол бербей, 3-революциядан алыстатат. Башка Борбор Азия мамлекеттерге окшобой, бизде саясый казандын кайнап турганы жакшы. Бышкан тамак да супсак болбойт. Ал үчүн биз дагы казанга «туз», «калемпирден» салып турабыз.

Акын Бекчороев

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: