Menu

Улукбек Ормонов, депутат: “Кара тизмеден” чыкмайынча Кыргызстандагы авиакомпаниялар Европага уча алышпайт”

Бөлүшүү:

– Улукбек мырза, сиз «Ачык асман» долбооруна (чет элдик авикомпаниялар өз өлкөсүнөн Кыргыз мамлекетине учуп келип, транзит катары конуп, жүк таштап, же жүктөп, жүргүнчү алып, же таштап, май куюп, кайра үчүнчү өлкөгө учууга укук берген саясат) каршы экениңизди билдирдиңиз. Эмне үчүн?

– Биздин негизги маселебиз -бул, ички каттамдар. Өзгөчө күздөн жазга чейинки убакта жол коопсуздугу аябай күчөп, көчкүлөр түшүп, жол кырсыктары көбөйгөндүгүнө байланыштуу элдин баары самолетко билет алууну каалап калат. Бирок, биздин ички каттамдарды камсыздаган учактарыбыз жок. Болгону төрт компания бар. Алар «Авиа Трафик Компани», «Гез Джет Эйрлайнз», «Эйр Кыргызстан» жана «Эйр Манас». Эң көп каттаган – бул «Тез Джет» компаниясы. Самолетторунун пайдалануу мөөнөтү бүтүп калгандыгына байланыштуу, бир жылдан бери «Эйр Кыргызстан» такыр эч жакка учпайт. Бул жүз пайыз мамлекеттик компания. Мен «Ачык асман» саясаты боюнча мыйзамга каршы чыкканымдын бирден-бир себеби, эгер биз азыр ошолорду колдобой туруп, дагы асманыбызды ачып берген болсок, ички каттамдар такыр жок болот. Себеби, биздин ички каттамдарыбыз кирешелүү эмес. Мамлекеттик колдоо жок. Ошон үчүн «биз эки мыйзамды тең карайлы, асманыбызды таптакыр ачып салып, ички каттамдар жабылып калбасын» дедик. Ички каттамдарга дотация беребизби, же салык жагынан преференция беребизби, кандайдыр бир кредиттер бөлүнөбү, айтор, ушул жагын карабасак, абал оорлошкондон оорлошуп баратат. Өзгөчө Баткен, Исфана, Жалал-Абад каттамдары бүгүнкү күндө азайгандан азаюуда. Өзүңүздөр билесиздер, Баткенден бул жакка келиш үчүн 18-20 саат керек. Биз чет элдик компаниялар келип, бизден учуусуна каршы болгон жерибиз жок. Бирок, бир тараптуу эмес, эки тараптуу келишимдер менен ачсак жакшы болмок. Грузияга Саакашвили президент болуп келгенде, алар эркиндиктин бешинчи деңгээлин кабыл алышкан. Натыйжада, союз учурундагы эң мыкты грузин авиациясы бүгүнкү күндө жок. Алардын учкучтары, жалпы эле авиаторлору сырттан жумуш издеп калышты. Себеби, сырттан келген компаниялар аларды түртүп чыгарып коюшкан.

– Бирок, кээ бир кесиптештериңиздин «азыр биз Россия менен эле Түркияга өзүбүздөн учабыз. Башка өлкөлөрдүн баарына учуш үчүн Өзбекстанга же Казакстанга барыш керек, качанга чейин ушинтип жүрөбүз?» деген жүйөөсү да туура болуп атпайбы?

– Биринчиден, биздйн авиакомпаниялардын баары «кара тизмеге» кирип калган. “Ачык асман” кылсак деле «кара тизмеден» чыкмайынча Кыргызстанда каттоодо турган авиакомпаниялардын бири да Европага уча алышпайт. Транспорт министрлиги «2019-жылы чыгабыз» деген убадасын берип атат. Бүгүнкү күндө андай шартыбыз жок. Ошондуктан, Стамбул же Алматы аркылуу учуп атабыз. Албетте, “Ачык асмандын” жакшы жактары да бар. Бизге туристтердип келгени көбөйөт, сыртка чыкчу жарандарга ыңгайлуу болот. Бул жагын мен деле колдойм. Бирок, «биз муну менен ички каттамдарды жок кылып албайлы» деген кооптонуу бар. Өзүңүздөр билесиздер, убагында ПЕСАК деген программа келген. Аябай жакшы ойлор менен. «Өндүрүштү өнүктүрөбүз, карыздарынан кечиребиз» дегенбиз. Тилекке каршы, ал программа биздин өндүрүштү талкалап кетти. «Ачык асман» да ошондой кылбайбы?» деген менде бүдөмүк суроолор, күдүк ойлор бар. Бул мыйзам өтүп кетчү болсо, анын натыйжасына эки жылдан кийин өзүбүз күбө болобуз. «Эки мыйзамды чогуу кабыл алалы» дегенибиздин себеби да ушул болчу. Биринчи кезекте биз барларын колдоп алалычы. «Талкалап алып, анан колдойбуз» дегенде эртең колдоонун эч кимге кереги жок болуп калат.

– Экономикалык жагынанчы? Бюджетке түшчү салымдар көбөйөбү?

– Атааңдаштык болгондо, авиабилеттердин баасы гана түшөт. Албетте, аэропорттун киреше жагы дагы көбөйүшү керек. Бирок ага кепилдик барбы? Мен мыйзамдын авторлорунан «кепилдик бере аласыңарбы?» деп сурасам, адегенде «жок» дешкен. Бирок, Жанар Акаев «беребиз» деди. Эми көрөбүз да. Айтып атпаймынбы, ар бир мыйзамдын жакшы-жаман жактары кабыл алынгандан эки жылдан кийин гана чыга баштайт.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: