Menu

Айдана Шамшидинова, визажист: “Мени “Мерез жүрөктөгү кыз” деп алыстан таанышат”

Бөлүшүү:

Тартылган образындагыдай мээримдүү, боорукер, белгилүү ырчы айымдардын визажисти Айдана Шамшидиновага суроо узаттык.

– «60 К» тобунун «Мерез жүрөк» клибинен көрүп калдым. Сонун клип, сонун образ. Кандайча тартылып калдың?

– Клипте сүйүүсүн арнап жүргөн жакшы жигитти чанып, курбу кызым башка жигит менен мамиле түзөт. Бул абалды оор кабыл алган жигит ичип кетип, селсаякка айланат. Клипте ал жигитке болгон жылуу сезимим бар үчүн аны кыйын күндөн куткарып, акырында сүйүктүүсүнө айланам. Бул клипке катышып
калгандыгымдын себеби, Талант Кадыров байке менен ага-карындаш катары аябай жакшы катташта болчубуз. «Менин кичинекейим» деп эркелетип жакшы көрчү. Жеңем менин кардарым эле. Телефон чалып, «клиптеги образга сен туура келесиң» деп сунуштады.

– Жашоодо мындай окуялар болушу мүмкүнбү? Ошондой абал болсо, кандай кадамга барар элең?

– Ушул клиптен кийин көчөдөн көргөндөр «Мерез жүрөктөгү кыз» деп алыстан таанып, кеп кылгандарын угуп калам. Инстабаракчама дагы «сени жактырып калдым» деп аябай көп каттар келди. Чынында жашоодо мындай окуяга кездеше элекмин, бирок аябай боорукермин. Курбу кыздарымдын жакшы балдар менен сүйлөшкөнүн көрсөм, «ии, мага дагы ушундай жакшы бала буюрсун» деген суктануулар, тилектер болот.

– Өзүң романтиканы жактырасыңбы?

– Романтиканы баардык эле кыздар жакшы көрөт деп ойлойм. Жакшы көргөн адамың жагымдуу белек даярдаса, бул бактылуу, эсте кала турган көз ирмем.

– Белгилүү ырчы айымдарыбыз менен иштешет экенсиң. Аларды сулуулаган соң кандай сезимде болосуң?

– Бул чөйрөдө иштегениме беш жылдан ашты. Алгач окуп баштаган кезден бери, андан кийин ишимден рахат алчумун. Айымдардын кубанычка бөлөнгөн көз ирмеми кандай жагымдуу! Мен үчүн акча экинчи орунда турат. Жасаган жумушумду жактырбаса, дароо акчасын албай койчу жайым бар.

– Дагы кандай кесиптерге кызыгууң бар?

– Негизи жогорку окуу жайга тапшыргым келет. Бирок ишке келгенде салондо эле иштей турганымды, талантымды жакшы билем. Азыркы учурда окууну көздөп жатам. Ата-энемди кыйнабай, өзүмдүн күчүм менен окуйм деген тилектер бар.

– Жактырган адамың барбы? Качан турмуш курайын деп атасың?

– Сүйлөшкөн жигитим бар. Кудайым буюрса, турмуш жолуна кийинки жылы деп ойлоп жатам.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: