Menu

Ош облусунда 4 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-ноябрь күнү Ош облусунда  4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө  таңкы 5:18де катталган. Ал 4,4 баллга чейин жетип, тереңдиги 10 километр болгон.

Анын очогу Алай районундагы Көк-Суу айылынан 17 чакырым түндүк-батышта, Ак-Талаадан 18 чакырым  түштүк-чыгышта, Чий-Талаадан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Киндик айылынан 21 чакырым түндүк-чыгышта  болгондугу маалымдалган.

Кок-Суу, Ак-Талаа, Чий-Талаа, Кара-Киндик айылдарында жер титирөө 3,5 баллга чейин жеткен. Ал эми, Сопу-Коргон, Нура, Эркештам аймактарында 3 баллды түзгөн.
Ал эми ӨКМ алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жок экендигин билдирди.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: