Menu

Шаарды каптаган кара түтүндүн канчалык деңгээлде коркунучу бар?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-ноябрь күнү Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги отурумунда, борбордун экологиялык абалы тууралуу талкууда  “Мекеним Кыргызстан” партиясынын депутаты Жанарбек Алымов: “Эмне үчүн  шаарга өзгөчө абалдын кереги жок деп жатасыңар?”, -деп суроо салды.

Бул суроого “Гидрометеоцентрдин” өкүлү: “Бишкек шаарындагы абанын кирдеши  нормадан 1,5-2,6 эсе  ашып кетти. Бул көрсөткүч сутка ичинде өзгөрүлүшү мүмкүн.  Дегеним, “датчиктин” жанында тыгында турган автоунаа же жанында бир нерсе өрттөп жаткан болушу мүмкүн”,-деп кошумчалады.

“Мен Бишкекте бул маселеге карата атайын бирикме түзүлүшүн талап кылам”, -деп Ж.Алымов билдирди.

Ал эми шаардын мэри Азиз Суракматов: “Көрсөткүчтөр нормадан ашканы чындык, бирок бул коркунучтуу эмес. Элди коркутуунун эч кандай кажети жок. Шаарды баскан кара түтүн маселеси боюнча рейддерди жүргүзүп, мага күнүгө маалымат берип жатышат. Жеңил өнөр жайындагы калдыктарды, машинанын дөңгөлөктөрүн ж.б. өрттөп жаткан тууралуу көптөгөн факттар бар. Бул көрүнүштөр менен биз күрөшүп жатабыз”, – деп айтты.

Булак: KyrgyzToday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: