Menu

Азов деңизиндеги жаңжалга байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулат

Бөлүшүү:

Керч кысыгындагы абалдын кескин курчуп кетишине байланыштуу бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулат. Бул тууралуу АКШнын уюмдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Твиттер баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, жыйын украин жана орус тараптын демилгеси менен өткөнү жатат.

Азов деңизиндеги абал 25-ноябрда кескин курчуп кеткен. Украин аскерлери өлкөнүн Аскер-деңиз күчтөрүнө таандык үч кемени Орусия Керч кысыгына жакын жерде курал колдонуу менен басып алып, алты украин аскери жарадар болгонун билдиришкен. Өз кезегинде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы украин кемелери орус чек арасын бузуп, Кара деңизде кармалганын, аларды токтотуу үчүн курал колдонулганын билдирүүдө.

Бүгүн Украинанын Жогорку Радасы өлкөдө аскердик абалын киргизүү маселесин карашы керек. Күн мурун мындай чечимди өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңеши кабыл алган.

Дүйшөмбүгө караган түнү Киевде орусиялык дипломатиялык номерлүү автоунаа өрттөнүп кетти. Машина дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратынан алыс эмес жерде токтоп турган. Ага чейин Орусиянын Киевдеги элчилигине түтүн шашкалары ыргытылган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: