Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылында 14 жаштагы баланын чөнтөгүнөн уюлдук телефону жарылып кетти. Тоң райондук хирургиялык бөлүмдүн берген маалыматына ылайык, 2004-жылы туулган Айдин 24-ноябрда саат 23:00 чамасында оор абалда ооруканага жеткирилген. Анын уюлдук телефону жарылып кетип, денесинин 30% күйүп кеткен.
Айдин Кажы-Сай айылында А.С.Пушкин атындагы мектептин 8-классынын окуучусу. Анын айтымында апасы менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин колунан телефону жерге түшүп кеткен.
“Шымдын сол чөнтөгүнө салгандан кийин ал жарылып кетти”, -деп жабырлануучу билдирди.
Анын апасы Жаркынай Ишенбаева: “Кечки саат 21:00 чамасында жумуштан үйгө келсем, ал жок экен. Бир аздан кийин баламды айылдашым үйгө көтөрүп келди. Мен Айдинди көрүп, шок болуп калдым. Андан кийин аны дароо ооруканага алып жөнөдүк”, -деп айтты.
Апасынын айтымында Айдин “Nokia X1” телефонун колдонуп жүргөнүнө бир ай болгон.
Азыркы учурда жабырлануучуну кадимки палатага которушту. Даарыгерлердин айтымында баланын абалы оор, бирок туруктуу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ