Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровго эл жана эмгек сиңирген артисттердин пенсиясын көтөрүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылды.
Анын айтымында, Кыргызстандын эмгек сиңирген жана эл артисттери өтө аз өлчөмдө пенсия алышат жана анын өлчөмү көтөрүлбөйт.
“Алар искусствонун генералдары да, эмне үчүн мамлекет күч структураларынын кызматкерлерине берилүүчү пенсияны дайыма жогорулатат, ал эми артисттер жөнүндө унутуп койгон?” – деп билдирген эл өкүлү.
Ага министр пенсия саясатын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү мнистрлиги эмес, Социалдык фонд жүргүзөөрүн айткан. Мекеменин жетекчиси мамлекеттик кызматкерлер үчүн жана маданият ишмрлерине карата реестр иштелип чыгаарын кошумчалаган. Ошондой эле Кочкоров аларга тариф боюнча пенсия белгиленерин билдирген.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы орточо пенсия 5 миң сомду түзөт.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ