Menu

Россияда Абсамат Масалиевди эскерүү кечеси өттү

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында КРнын РФдагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери А.Масалиевдин 85 жылдык мааракесине арналган эскерүү кечесине катышышты.

Салатанаттуу иш-чара Москва шаарында эмгектенип жатышкан Кадамжай районунан чыккан жарандар тарабынан түзүлгөн «Кадамжай» коомдук уюму тарабынан уюштурулду.

Салтанаттуу кеченин ачылышына улуу инсанды эскерүү үчүн КРнын РФдагы Элчилигинин, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Москвадагы кыргыз диаспорасынын Координациялык кеңеши, Аксакалдар Кеңешинин мүчөлөрү, кыргыз диаспоралык уюмдардын жетекчи, өкүлдөрү, катышышты.

Белгилүү кыргыз мамлекеттик жана саясий ишмер А.Масалиевди эскерүү кечесинде чыгып сүйлөгөндөр А.Масалиевдин советтик Кыргызстандын жана азыркы Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгилешти. Кыргыз элинин бакубат жашоосун камсыздоодо кыргыз мамлекетин башкарып жогорку кызматтарды алып барууда А.Масалиев өз элинин ишенимдүү чынчыл, ак ниет уулу, чыныгы мекенчил катары жалпы кыргыз элине, ошондой эле азыркы кезде өсүп келе жаткан муунга үлгү болоорун айтышты. А.Масалиев өз доорунун чыгаан уулу болуп саналат жана И.Раззаков сыяктуу өлкөбүздүн белгилүү патриот инсандарынын катарында турат.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары А.Масалиев Мекенине жана элине ак ниет кызмат кылуунун зор үлгүсү катары элдин эсинде түбөлүк калаарын белгилөө менен, мындай маанилүү эскерүү кечени уюштурган жалпы Кадамжайлыктарга терең ыраазычылыктарын билдирип кетишти.

Кечеде А.Масалиевдин калемине таандык советтик Кыргызстандын жана азыркы Кыргыз Республикасынын өнүгүү жылдарына арналган  «Народ должен знать правду» аталган китебинин жана А.Масалиев жөнүндө замандаштарынын эскерүүлөрү камтылган китептердин көргөзмөсү уюштурулду.

А.Масалиевди эскерүү кечесинде Москва шаарындагы «Кадамжай» коомдук уюмунун мүчөлөрүнүн күчү менен уюштурулган адабий-музыкалык программа тартууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: