Биринчи май районунун прокуратурасы Жогорку Кеңештин мурунуку депутаты Садыр Жапаровдун кылмыш иши боюнча ачыкталган жаңы жагдайлардан улам текшерүү жүргүзүп баштады. Бул тууралуу экс-эл өкүлүнүн жактоочусу Шарибидин Токтосунов билдирди.
Буга чейин райондук прокуратура жактоочунун ишти кайра кароого суранган өтүнүчүнөн негиз жоктугунан улам баш тарткан, бирок шаардык прокуратура көзөмөлдөөчү органга материалдарды изилдөө жөнүндө тапшырма берген.
1-декабрга чейин прокурорлор ишти кайра кароо үчүн сотко жөнөтүшү керек.
Садыр Жапаровдун ишин кайра кароого негиз катары анын ишиндеги төрт күбөнүн жасаган видекайрылуусу негиз болгон. Алардын айтымында, тергөө убагында алар Жапаровго каршы көрсөтмө беришкен, бирок алар ал көрсөтмөлөрдү басым алдында бергенин билдиришкен.
Эске салсак, Биринчи май райондук соту Садыр Жапаровду 2013-жылы Каракол шаарында козголоң уюшурганы үчүн 11 жыл алты ай убакытка эркинен ажыраткан.
Мурунку эл окүлүнө КР кылмыш-жаза кодексинин 277-“адамды туткунга алуу” беренеси боюнча айып тагылган.
Жогорку соттун соттук коллеигиясы Садыр Жапаровго карата чыгарган биринчи инстанциядагы сотунун чечимин күчүндө калтырган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ