Menu

Мамлекеттик цирктеги паракорчулукту аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлөт

Бөлүшүү:

Кыргыз мамлекеттик А.Изибаев атындагы циркинде өтө начар жагдай жана паракорчулук өкүм сүрүүдө. Бул тууралуу парламенттин социалдык маселелер боюнча комитеттин кезектеги отурумунда депутат Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымында  цирктеги мыйзам бузуулар, билеттерди сатуудагы паракорчулук ж.б. боюнча маалыматтар түшкөн. А.Касымалиева ММКнын коштоосу менен циркке барып, өзү текшерүү өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.

Арыздануучулардын бири – эл артисти Манат Эшимбеков. Циркке өмүрүн арнаган артистти жумушка келбей калды деген шылтоо менен ордунан бошоткон. “Мамлекеттик цирктин азыркы жетекчиси Курмангазы Исанаев буюмдардын бардыгын сатып жиберген, учурда циркте 3 гана жылкы калган”, – деп арыздануучу билдирди.

Депутат азыр циркте эмне болуп жаткандыгын такташ үчүн атайын комиссия түзүү сунушун киргизди.

Ал эми Курмангазы Исанаев кызматкерлер тарабынан түшкөн дооматтарга жооп берип жатып: “Атайын комиссия түзүүнү колдойм. Мен эч кандай мыйзам бузган жокмун. Мен жетекчи болгонго чейин циркти Ачык акционердик коомго айлантабыз дешкен, мен ага уруксаат бербей койгом. Эгерде түзүлгөн комиссия, цирктеги мыйзам бузууларды  аныктаса, анда мен жумуш ордумду бошотуп берем”,- деди.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: