Омбудсмен институтунун кызматкерлери Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү Мелис Калыков менен жолугушту. Буга чейин ал милиция жана прокуратура кызматкерлери кыйноого алгандыгы жөнүндө Кыйноолорго каршы улуттук борборго билдирген.
Жолугушуу эки жактоочунун катышуусунда Оштун №5 СИЗОсунда өткөн.
Шектүү өзүн кыйноого алган милиция жана прокуратура кызматкерлерине карата чара көрүүнү суранган. Бирок, кыйноого алынганын тастыктоо үчүн соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.
Буга чейин облпрокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмү жөнүндө толук маалымат белгилүү болгон. Тергөө аныктагандай, шектүү Мелис Калыков Анарбай Мамажакыпов менен мушташа кетип, аны мылтык менен атып өлтүрүп, кийин денесин өрттөп жиберген.
Прокурордун денеси 18-ноябрда шаардын четинде табылган. Анын өлүмүнө шектүү убактылуу кармоочу жайга камалган болчу.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ