Жумадилде уулу Мурадил “Кыргызалтын” ААКнун башкармалыгынын төрагасынын экономика, каржы жана инвестиция боюнча орун басары болуп шайланды.
Кыргыз фондулук биржасы маалымдагандай, бул чечим 2018-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитетинин чечиминин негизинде жана “Кыргызалтын” директорлор кеңешинин 2018-жылдагы 14-ноябрдагы протоколуна ылайык дайындалды.
Буга чейин Жумадилде уулу Мурадил “Кыргызтелеком” ААКда вице-президент, ага чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ