Menu

Тажикстанда Жазаларды аткаруу башкармалыгынын башчысы тополоң чыккан түрмөгө барат

Бөлүшүү:

Тажикстан Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын жаңы башчысы Мансурджон Умаров жакын арада Хоженттеги тополоң чыккан №3/3 түрмөгө барарын билдирди.

–Түрмөлөрдүн, убактылуу тергөө абактарынын жетекчилери жана соттолгондор менен жеке бааралашайын деп жатам. Албетте ыйгарым укуктарымдын чегинде, -деди ал.

Генерал-лейтенант Мансурджон Умаров Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы болуп өткөн аптанын соңунда дайындалган. Ал 53 жашта, акыркы 8 жылдан бери Тажикстан Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары болуп иштеген.

Душанбе бийлигинин маалыматы боюнча Хожент шаарындагы №3 абакта чыккан тополоңдон 21 козголоңчу жок кылынган. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин 22-ноябрда Брюсселде билдирген. Министр тополоңго негизинен терроризм үчүн жазасын өтөп жаткандар, анын ичинде “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жактоочулары катышканын белгилеген. Анын айтымында, башаламандык учурунда түрмөнүн эки кызматкери өлтүрүлгөн, беш күзөтчү оор жарадар болуп ооруканага жеткирилген.

Андан мурун башка булактар тополоңдо кеминде 50 киши өлгөнүн кабарлашкан. Түрмөдөгү башаламандыкка байланыштуу түзөтүү мекемесинин жети кызматкери кармалган. Алардын арасында түрмөнүн башчысы Файзулло Сафарзода, режим бөлүмүнүн башчысы Фарход Садиров да бар.

​Мансурджон Умаров калайман тууралуу кеңири маалыматка ээ эмес экенин, себеби тергөө Тажикстан Башкы прокуратурасы тарабынан жүрүп жатканын кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: